Филиппинде «Каммури» бороону бир өмүрдү жалмады

Филиппин. Дамбанын жанында велосипедде бараткан адам.

Филиппинди каптаган «Каммури» бороону бир кишинин өмүрүн алды. Жүз миңдеген тургун коопсуз жайларга көчүрүлдү. Шамалдын ылдамдыгы саатына 235 чакырымга жетип жатат.

Баш калаа Манилада окуу жайлар жана мамлекеттик мекемелер жабылды. 3-декабрдагы кабарга ылайык, аэропортто 500дөй авиакаттам токтотулду.

Бул жыл башынан өлкөгө бүлүк салган жыйырманчы тайфун.