Отунбаева Жангарачева боюнча парламент үн катпаганын сындады

Роза Отунбаева.

Экс-президент Роза Отунбаева Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Мира Жангарачеванын кызматтан алынышына байланыштуу Жогорку Кеңеш реакция кылбаганын сындады. Ал бул тууралуу 3-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин китебинин ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

- Парламент, каякты карап жатасыңар? Жогорку Кеңеште социалдык маселелерди караган комитет бар. Бул боюнча министрди, вице-премьер-министрди, керек болсо премьер-министрди сурап койбойсуңарбы. «Музейдин директору эмне себептен кызматтан алынды?» деп.

Көркөм сүрөт музейиндеги феминналеге каршы болгондор 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгып, Мира Жангарачеванын кызматтан кетишин, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин маданият, маалымат жана туризм министрине сөгүш беришин жана музейде болуп жаткан феминналенин токтотулушун талап кылышкан. Алар музейде жылаңач денесин көрсөткөн кыздар менен көргөзмөгө коюлган ич кийимдерди сындап жатышат.

Ушундан улам Мира Жангарачева кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, ага маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Мунун алдында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көркөм сүрөт музейинде жылаңач денесин көрсөткөн кыздар катышкан иш-чарага каршы экенин, аялдардын укугун коргоону максат кылганы кабарланган бул көргөзмө министрлик менен кеңешилбей уюштурулганын билдирген.

Ал эми иш-чаранын уюштуруучулары феминнале аялдардын экономикалык өз алдынчалыгын колдоп уюштурулганын, анда коюлган бардык көргөзмөлөр аялдардын укугун коргоого багытталганын айтышууда. (TSh)