Акматов: Кумтөрдө кызматкерлер жоголду деген жерге жетиш кыйын болуп жатат

Кырсыктан кийинки сүрөт (социалдык тармактан алынды).

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов Кумтөр алтын кенинде кырсыктан улам дайынсыз болуп жаткан эки кызматкерди издөө иштери уланып жатканын билдирди.

- Алар жоголду деген болжолдуу жерлерге жетүү кыйын болуп жатат. Анткени көчүп түшкөн жер катмарынын көлөмү аябай чоң. Ошого карабастан 33 миң куб жер көчкү алып чыгарылды. Кечке чейин дагы 500 кубга жакын жер көчкүсүн алып чыгабыз деген ойдобуз, - деди Акматов.

Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрь күнү таңга маал катталган. Анда Лысый өрөөнүндөгү жер катмары көчүп түшкөн. Кырсык болгон жерден тартылган сүрөттөрдө көчүп түшкөн топурак бир нече автоунааны басып калганын көрүүгө болот.

Кендеги көчкү жумушчулар иштеп жаткан учурда жүргөн. Жумушчулардын ичинен экөө – тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев дайынсыз болуп жатат. Аларды издөө иштеринен азырынча майнап чыга элек.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Расмий маалымат боюнча, Кумтөр алтын кенинде 4 миңге жакын адам иштейт. Алардын ичинен 2678 кызматкер тоо-кен ишканасы менен түз келишим түзүп иштесе, 1092 адам ортомчу ишканалар аркылуу жумушка орношкон. «Кумтөрдө» иштегендердин баары вахталык тартип менен, башкача айтканда 10-15 күндүк нөөмөт менен иштешет. (BTo)