3-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызстан.

3-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;

Нарында түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -3…-8 градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10° болот.