Жангарачева: кызматкерлердин коопсуздугунан улам жумуштан кеттим

Мира Жангарачева.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Мира Жангарачева «Азаттыкка» эмне себептен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы боюнча түшүндүрмө берди. Ал өзүн мекенчил деп эсептеген адамдар музейде уюштурулган феминналеге байланыштуу музейдин кызматкерлери менен иш-чаранын уюштуруучуларынын коопсуздугуна коркунуч жаратканын айтты.

- Мен кызматкерлерим менен уюштуруучулардын коопсуздугунан корком. Мен өзүмдү күнөөлүүмүн деп эсептегендиктен эмес, абалды курчутпаш үчүн арыз жаздым. Уюштуруучулар мага «жылаңач аял болот, ич кийимдерди илебиз» деп айтышкан эмес. Жылаңач аялды сайттан көрдүм. Ал эми ич кийимдерди биринчи күнү эле алдырганбыз. Мен музейде директор болуп беш ай иштедим. Маданият министри мага аябай жардам берди. Мен «министрге кошумча маселе жаралбасын, мен кызматтан кетсем эле тынчып калышса анда кетем» деп арыз жаздым.

Ал ошондой эле буларды белгиледи.

- Бурулай өлтүрүлгөндө, 2-3-жаштагы балдар зордук-зомбулакка кабылганда «Кырк чоронун» мүчөлөрү каршы чыкпаганы мени таң калтырат. Премьер-министр жакында эле коркунучтуу фактыларды келтирди. Президент өлкөдө гендердик тең салмактуулук жок экенин, бул маселени чечүү керектигин айтты. Аны ушундай көргөзмөлөр менен чечсе болот. Бул көргөзмө өзгөчө уюштурулган биринчи көргөзмө болуп жатат. Бул иш-чара аялдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулукка каршы эл аралык жумалыктын алкагында уюштурулган.

Жангарачева Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги акыркы окуяга байланыштуу кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, ага маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 2-декабрда кол койгон.

Көркөм сүрөт музейиндеги иш-чарага каршы болгон жарандык активисттер 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгып, Мира Жангарачеванын кызматтан кетишин, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маданият, маалымат жана туризм министрине сөгүш беришин жана музейде болуп жаткан феминналенин токтотулушун талап кылышты.

Мунун алдында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көркөм сүрөт музейинде денесин көрсөткөн кыздар катышкан иш-чарага каршы экенин, аялдардын укугун коргоону максат кылганы кабарланган бул көргөзмө министрлик менен кеңешилбей уюштурулганын билдирген. (BTo)