Жаманкулов: Тарых музейи качан ачылары белгисиз

Улуттук тарых музейи.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Бишкектеги Улуттук тарых музейи качан ачылары белгисиз экенин айтты.

Ал ушу тапта музейди оңдоодогу коррупциялык иштер боюнча сот болуп жатканын жана музейди оңдогон германиялык компанияга Кыргызстан 225 миң евро карыз экенин эске салды. Кыргыз тарап 225 миң еврону төлөгөндөн кийин гана немис ишканасы музейдин ичиндеги электрондук системанын ачкычын берет.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда музей ишине байланыштуу сот жүрүп жатат. Анда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева баш болгон адамдар «Коррупция» беренеси боюнча шек саналууда.

2016-жылдагы эки тараптуу макулдашуунун негизинде Түркиянын ТИКА уюму Бишкектеги Улуттук тарых музейин оңдоону өзүнө алып, ага 15 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат караган.

Кийин Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы пикир келишпестиктен улам түрк тарап музейди оңдоо ишин токтотуп койгон. Буга байланыштуу мамлекеттик бюджеттен бир жарым миллиард сомдон ашуун кошумча каражат сарпталган.​

Музейди оңдоо эки баскыч менен жүргөн. Биринчи этапта музейдин аймагындагы гранит такталар алмаштырылып, жарык берүү жаңыртылган. Экинчи этапта музейдин ички бөлмөлөрүндө экспозициялык жабдуулар жаңыртылып, дизайны өзгөртүлгөн. Музей ушул күнгө чейин ачыла элек. (BTo)