Европа комиссиясын биринчи жолу аял жетектейт

Урсула фон дер Ляйен.

Германиянын өкүлү Урсула фон дер Ляйен жетектеген Европа комиссиясынын жаңы курамы 1-декабрдан баштап кызматка расмий киришти. Ал Европа Биримдигинин тарыхында анын аткаруучу органын жетектеген алгачкы аял саясатчы болуп калды.

Еврокомиссиянын жаңы курамы кызматына 1-ноябрда эле киришмек. Бирок үч талапкерге байланыштуу талаш-тартыштан улам кийинкиге калган. Өткөн айдын аягында 751 депутаттан турган Европарламент Еврокомиссиянын бардык мүчөлөрүн шайлаган.

60 жаштагы Урсула фон дер Ляйен Германиянын канцлери Ангела Меркелдин командасында 14 жыл иштеген. Анын жети баласы бар. Урсула фон дер Ляйен Германиянын Коргоо министрлигин жетектеген биринчи аял катары да белгилүү.