1-декабрда дүйнө жүзүндө СПИДге каршы күрөштүн эл аралык күнү белгиленүүдө. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда ВИЧти жуктуруп алгандардын саны жыл сайын көбөйүп жатат. Республикалык СПИД бирикмеси Кыргызстанда ВИЧ жугузуп алган кишилердин расмий саны 2019-жылдын 1-ноябрына карата 9516 адамды түзгөнүн билдирди. Алардын 2013ү каза болгон. Дарт жуккандардын 8994ү кыргызстандыктар, 522си чет элдиктер. ВИЧке кабылгандардын 64% эркектер, 36% аялдар.
Ооруга чалдыккандардын 47% корголбогон жыныстык катыш учурунда, 45,1% баңгизатты ийне менен сайынуу жана медициналык жабдуу аркылуу жуктурган. 2,8% энеден балага өтсө, 4,8% так аныктала элек.
Адистер расмий каттоого турбай жүргөндөр бар экенин эске алуу менен бул дартка кабылгандардын саны азыркы эсептен алда канча көп болушу мүмкүн экенин четке кагышпайт. Бир айдан бери ЮНЭЙДС (UNAIDS) уюму Бишкек, Ош жана Кара-Суу шаарларынын базарларында ВИЧке тест тапшыруу өнөктүгүн өткөрүп келатат.
ВИЧ - Кишинин иммундук жетишсиздик вирусу, акыркы стадиясы - СПИД. Учурда Кыргызстандагы ВИЧ илдеттүүлөр атайын программанын негизинде иммунитетти көтөрүүчү акысыз дарыларды дайыма ичип турушат. (TSh)