Баткенде күздүк эгин себүүдө жаңы ыкма колдонулду  

Баткен аймагынын эгин талаарына 4777 гектар буудай, 26 гектар арпа айдалды. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлиги кабарлады.

Күздүк эгин 3000 гектарды түзгөн Лейлек районунда көп эгилди. Баткен районунда быйыл жерди айдатпай түз себүү ыкмасы колдонулду. Мындай жаңы ыкма ар кандай эл аралык уюмдардын көмөгү менен ишке ашууда. Министрлик бул натыйжалуу ыкманы башка айыл аймактарда да жайылтууга аракет жасай турганын кабарлады.

Кыргызстан агрардык өлкө болгонуна карабай, бул тармак өксүп, жакшы өнүкпөй жатканын эксперттер сындап келишет. (TSh)