Ирландиялык белгилүү мушкер Конор Макгрегор спортко кайтат. Бул тууралуу UFC уюмунун башчысы Дана Уайт жар салганын чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Макгрегор UFC уюмундагы беттешин 2020-жылдын 18-январында өткөрмөкчү. Мында ал Дональд Серроне менен Лас-Вегас шаарында беттешет.
Макгрегор ушул жылдын 26-мартында спорттон кетерин жар салган. Мушкер 2016-жылдын апрель айында да америкалык Нейт Диаска утулуп калгандан кийин карьерасын жыйынтыктап жатканын айткан. Бирок ошол эле жылы реванш үчүн таймашка кайтып келген.
30 жаштагы Макгрегор баш-аягы 21 жеңишке жетишип, төрт жолу утулган. 2018-жылдын октябрь айында Лос-Анжелесте өткөн жеңил салмактагы чемпиондук кур үчүн болгон таймашта орусиялык Хабиб Нурмагомедовго жеңилген. Аны улай калайман мушташка аралашып, орус мушкери менен кошо таймаштардан убактылуу четтетилген. (GT)