Нарын облустук Жаштар ордосунда чогулгандар өкмөткө эки талап коюшту. Алар «кыш мезгилинде электр энергиясынын тарифине 3000 кВт/саатка чейин жеңилдик берилсин же бирдиктүү тариф коюлсун» деп айтышты.
Ушул талаптарды аткарууга өкмөткө он күн убакыт беришти. Эгер жооп берилбесе тынчтык митингине чыгышарын айтышты. Жыйындар залына 300 киши батат, орундуктар дээрлик бош калган жок.
Элдин суроолоруна «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын директору Айтмамат Назаров жана өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмил Алымкулов жооп берди. Нарындыктар буга чейин 19-ноябрда да шаардык мэриянын имаратында чогулушкан.
Бүгүнкү күндө электр кубаты жеке жактар үчүн 700 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, андан ашканы 2 сом 16 тыйындан, ал эми бийик тоолуу аймактар үчүн кышында 1000 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, андан ашканы 2 сом 16 тыйындан берилет. (MiK)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.