Четтен келген дарыгерлер Ошто сегиз адамдын жүрөгүнө операция жасашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облус аралык бириккен клиникалык ооруканасында биринчи жолу Борбор Азияда адам жүрөгүнө жасалган операциянын 55 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Ага Казакстандан, Тажикстандан, Кытайдан жана Орусиядан келген дарыгерлер катышууда. Алар жүрөк-кан тамыр хирургиясындагы жогорку технологиялык ыкмаларды жана дарт аныктоо боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулап жатышат.

Конференциянын экинчи бөлүгүндө кошуна өлкөлөрдөн жана Орусиядан келген адистер жергиликтүү дарыгерлерге иш жүзүндө мастер-класс өтүшөт.

Иш-чаранын алкагында ушул жылдын 25-29-ноябрь күндөрү Ош облус аралык бириккен ооруканасында сегиз бейтаптын жүрөгүнө операция жасалган. Алардын үчөөнө кытайлык дарыгерлер операция жасашса, бешөөнө Орусиядан келген дарыгерлер тобу операция жасаган. Оорукананын башкы дарыгери Талант Арстанкулов билдиргендей, жүрөгүнө операция жасалган бейтаптардын саламаттыгы жакшы. (MdN)