Кипр орусиялык олигархты жарандыгынан ажыратышы мүмкүн

51 жаштагы миллиардер Олег Дерипаска.

Кипр Кремль менен жакын мамиледеги орусиялык олигарх, 51 жаштагы миллиардер Олег Дерипасканы жарандыктан ажыратты. Ноябрь айынын башында кипр бийликтери «Инвестиция үчүн жарандык» программасынын алкагындагы милдеттенмесин жетиштүү аткарбаганы үчүн 26 адамды жарандыктан ажырата турганын билдирген.

«Reuters» агенттиги өз булактарына таянып, алардын арасында орусиялыктар да бар экенин кабарлаган.

Дерипасканын жарандыктан ажыратылганы тууралуу Кипрдин бийлиги расмий маалымат тарата элек. Олигарх өзү да азырынча пикирин билдирген жок.

Ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 27-ноябрда журналисттерге кипр бийлигинин чечими «Кремлге эч кандай байланышы жок экендигин» айтты.

- Бул - Кипрдин ички маселеси. Ал Кипрге жана Дерипасканын өзүнө гана тиешелүү, - деди Песков.

Миллиардер Олег Дерипасканын өзүнө жана анын «Русал», «En+» жана «ЕвроСибЭнерго» компанияларына АКШнын Финансы министрлиги санкция салып, «кара тизмеге» киргизген. Ага Дерипасканын ишканалары мыйзамсыз киреше тапты деген корутунду негиз болгон.