Гонконгдо 10 күндөн берки Политехникалык университетти камалоо аяктады. Полиция шейшембиден бери кампусту текшерип, митингчилер табылбаганын билдирди. Окуу жайынын вице-президенти Миранда Лу тазалоо иштерин башташ үчүн тартип сакчыларын имараттан тезирээк кетүүгө үндөдү. Полиция имаратты дагы эле кайтарып жатат.
Нааразылык акциясына чыккандардын бир бөлүгү университеттин кампусун эки жума мурун ээлеп алышкан. Алар кире бериштерди, жолдорду торошкон. Полицияга каршылык көрсөткөн кампустагы миңдей студент ал жерден кеткени же баары камакка алынганы белгисиз.
Гонконгдогу толкундоо дээрлик жарым жылдан бери уланып келатат.
Гонконгдо миңдеген адамдарды көчөгө чыгарган нааразылыкка «кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору сунушталганы» негиз болгон.
Шаардын жетекчилиги кийинчерээк документти парламенттен биротоло кайтарып алган. Бирок демонстранттар Бээжиндин саясатынан чыкпаган «күн карама» жетекчилердин иштен кетишин, калайман нааразылык акцияларында камалгандардын бошотулушун, ашкере күч колдонгон полиция кызматкерлери жазаланышын талап кылып жатышат.