Аймак аралык касташууну козутуу фактысы боюнча кармалган активист Афтандил Жоробековдун бир тууган карындашы Чынара Темирова агасынын кармалышын сөз эркиндигине басым деп баалап, кайрылуу таратты. Ал агасы «Фейсбуктагы» «Беспредел KG» баракчасынын ээси болгонун, анда коррупция, аткезчилик жана башка мыйзамсыздык тууралуу жазып келгенин билдирүүдө.
Жоробекового коюлуп жаткан айыптар негизсиз экенин айткан Чынара Темирова акыркы жолу баракчада Айеркен Саймаитинин, Хабибулла Абдукадырдын жана Сооронбай Жээнбековдун ысымдарына байланыштуу пост коюлганын белгилейт. Темирова кастыкты козутууга далил катары да ушул боюнча посттор тартылып жатканын айтууда.
Видео кайрылуусунда активисттин карындашы «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кайрылып, агасы анын тарапкери болгонун, колунан келсе колдоо көрсөтүшүн өтүнөт. Темирова президент Сооронбай Жээнбеков да бул ишке көңүл бөлөт деп үмүттөнөт.
Мунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы аймак аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучусун (А.Ж.) кармаганын кабарлаган. Комитеттин басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, кармалган жаран жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып келген.
Кийин ал өкмөттү сынга алып келген активист Афтандил Жоробеков экени такталып, сот аны 2020-жылдын 24-январына чейин камакка алганы белгилүү болду. (ErN)