Москва - Санкт-Петербург жолунун боюнан сөөгү табылган мигрант бийиктен кулап каза тапканы айтылууда. Ишти Тосно шаарындагы укук коргоо органдары иликтеп жатканын Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.
Маркум Ысык-Көл облусунун 43 жаштагы тургуну болгон, анын сөөгү учак аркылуу 27-ноябрда мекенине жиберилет.
24-ноябрда бир катар маалымат каражаттары киши колдуу болгон жаран жөнүндө жазып, ал айдоочулук кылып жүргөн мигрант экенин кабарлашкан. Анын сөөгү таңга жуук ээсиз турган «КамАЗга» жакын жерден, көпүрөнүн астынан табылган.