Текебаев: бийлик элдин талабын буйтап өтүүгө укугу жок (видео)

Өмүрбек Текебаев.

«Ата Мекен» партиясынын лидери бажы тармагындагы коррупция боюнча журналисттердин иликтөөсүнө пикирин айтып, элдин талабын туура деп эсептейт. Текебаевдин айтымында, бажы тармагындагы жүк ташуудагы мыйзамсыз иштер азыр да уланып жатат.

- Реэкспортто коррупция болуп келген жана болуп жатат, - деди ал. - Менден башкалары «2017-жылга чейин болуп келген» деп эле токтоп калып атышат. Мен бүгүн да болуп атат деп айтам. Муну президент, өкмөт токтотушу керек. Жигердүү жарандардын талабы күн тартибинде бул маселе актуалдуу болуп турганын көргөздү. Президент, өкмөт, парламент да бул көйгөйдү буйтап өтүп, көз жаздымда калтырууга укугу жок.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өмүрбек Текебаев: Бажыда бүгүн да коррупция бар


25-ноябрда Бишкекте жүздөгөн адамдар борбордук аянтка чогулуп, бийликтен коррупцияга каршы күрөшүүнү талап кылышкан. 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы боюнча маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган. Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи.

Журналисттерге бул маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаити берген. Ал көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы чиеленишкен коррупциялык схема боюнча суроолорго да жооп берген.

Журналисттик иликтөө боюнча кийинчерээк Райымбек Матраимов бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Анын кайрылуусун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 24-ноябрда «Фейсбукка» жарыялады. Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган маалыматтар туура эмес экенин кошумчалап, актыгын далилдей аларын белгилеген. (BTo/TSh)