«Кыргызмунайгаз» 60 жылдан кийин жаңы кен аймагын ачууда

Кенди бургулоо иштери жүрүп жаткан аймак. Ноокен району.

Кочкор-Ата шаарында жайгашкан «Кыргызмунайгаз» ишканасы учурда жаңы Исбаскент-Алаш мунай кенин ачуу алдында турат. Аталган ишкананын басма сөз кызматынан «Азаттыкка» билдиргендей, аймактагы «Алаш №1» кудугун бургулоо иштери бүтүп, мунай алынып жатат.

«​Экинчи 2700 метрден ашык тереңдиктеги кудукта бургулоо иштери жыйынтыкталып, үчүнчүсүн баштоо аракеттери жүрүп жатат. Эгерде изилденген үч кудуктан тең мунай кени чыкса, жаңы кен аймагы ачылат. Бул «Кыргызмунайгаз» ишканасынын тарыхында 60 жылдан кийин ачылган жаңы кен аймагы болуп калат»​ - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык 1940-жылы Майлуу-Суу-4, 1944-жылы Избаскент, 1946-жылы Восточный Избаскент кендери ачылган. Ал эми 1952-жылы өлкөдө «Кыргызнефть» өндүрүштүк мекемеси түзүлгөн.

«Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому Кыргызстандын Кочкор-Ата, Майлы-Суу жана Ноокен аймактарында чалгындалган 11,3 млн. тонна мунай жана 4,7 млрд. метр куб газ запасына ээ. Жалпысынан анын карамагында Жалал-Абад облусундагы 35 майда мунай жана газ кендери бар.

Расмий маалыматка караганда аталган ишкана быйыл 9 ай ичинде 97 миң тонна мунай өндүргөн. Жыл аягына чейин аны 140 миң тоннага жеткирүү пландалууда. Ал жерде 2 миңге чукул киши иштейт. (RsK)