Түркмөнстанда «Википедияга» бөгөт коюлду

Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстанда «Википедияга» бөгөт коюлганын tukmen.news басылмасы кабарлады. Буга «Википедиядагы» өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов тууралуу макалага жаңы маалыматтардын кошулганы себеп болгон.

5-ноябрда түркмөн лидери тууралуу макалага «Инсан жана көз караштары» деген бөлүм кошулуп, АКШнын Ашхабаддагы элчилигинин кызматкерлеринин өз ара жазышкан каттары жайгаштырылган.

Дээрлик он жыл мурда «WikiLeaks» сайты тарабынан жарыяланган каттарда америкалык дипломаттар Бердымухамедовду «менменсинген, кекчил, өтө консервативдүү, жалганчы жана өзүнөн акылдууларды жактырбаган» адам катары мүнөздөшкөн.

«Alexa« аналитикалык сайтынын маалыматына ылайык, «Википедия» Түркмөнстанда колдонуучулар эң көп кирген сайттардын бири болуп эсептелет. Бул өлкөдө эркин маалымат булактарынын көбүнө бөгөт коюлган. Алардын ичинде «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын сайты да бар. Мындан тышкары Түркмөнстанда бардык социалдык түйүндөрдүн сайттары, файлдар менен алмашуу сервистери жана мессенжерлер бөгөттөлгөн.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму жарыялаган дүйнөдөгү сөз эркиндигинин рейтингинде Түркмөнстан быйыл эң акыркы, 180-орунга жайгашкан. Сөз эркиндигине байкоо салган эл аралык уюмдар Бердымухамедовдун өзүн «Интернеттин душманы» деп атап келишет.