Египетте былтыр Каир шаарына жакын жерде табылган жан-жаныбарлардын мумияларынын коллекциясы тартууланды. Акыркы убакта өлкө бийлиги туристтерди тартуу максатында археологиялык табылгаларды кеңири коомчулукка алып чыгып, элге жайылтып, көпчүлүккө таанытыш үчүн мындай иш-чараларды сүрөөнгө алып жатат.
Саккара көрүстөнүндө жашырылган мумиялардын арасында мышык, крокодил, жылан, канаттуулар жана дүйнөдөгү эң чоң доңуз бар. Археологдордун айтымында, рентген - мумификацияланган эң чоң мышыктар иш жүзүндө арстандын балдары болуп чыкканын көргөздү. Азыр адистер ал сейрек табылганы жакшылап текшерип жатышат.
Египеттин байыркы мурастар боюнча министри Халед ал-Ананинин айтымында, дагы беш жаныбарды так аныкташ үчүн убакыт керек. Табылган байыркы артефакттардын арасында тумарлар, коло, фаянс буюмдар, маскалар, бүркүттүн, крокодилдердин айкелдери жана башкалар бар. Бул буюм-тайымдардын көбү 2 700 жыл илгери башкарган фараондордун 26-династиясына таандык деп айтылууда.
Саккара – 3 миң жыл бою байыркы Египеттин борбору Мемфистин көрүстөнү болчу. Азыр ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.