Коопсуздук кеңеши коррупция маселесин талкуулайт

Дамир Сагынбаев.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жакын арада бул кеңештин жыйыны болорун жана анда коррупция маселеси караларын билдирди. 25-ноябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында «биз алдыда болчу Коопсуздук кеңешинин отурумуна материалдарды чогултуп жатабыз. Ага 2-3 жумадай эле калды» деди Сагынбаев.

Ал Кыргызстанда жемкорлукка каршы күрөш жүрүп жатканын айтып, аткаминерлерге «Коррупция» беренеси менен шек саналгандардын кылмыш ишинин мөөнөтү бүтпөй турганын эскертти.

Сооронбай Жээнбеков президенттик ишине киришкенден кийин Коопсуздук кеңешинин биринчи жыйынын былтыр 8-февралда өткөрүп, сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча талкуу болгон.

Жыйынтыгында 45 иш-чарадан турган чечим кабыл алынган. Анын ичинде мурда-кийин токтотулган жана кыскартылган кылмыш иштерин кайрадан карап чыгуу, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү өңдүү чаралар камтылган. (BTo/TsH)