«Атамбаев менен Атахановду беттештирүүдөгү протокол» деп аталган документ жарыяланды

Алмазбек Атамбаев жана Шамил Атаханов.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев социалдык тармактарга тараган «кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу Алмазбек Атамбаев менен экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановду беттештирүүдөгү протокол» делген документ түп нусканын көчүрмөсү деп эсептей турганын айтты.

- Бул протокол түп нусканын көчүрмөсү деп ойлойм. Себеби менин, башка да адвокаттардын жана Эркебек Аширходжаевдин (ред: ИИМдин тергөө тобунун жетекчиси) колу турат. Бул беттештирүү Ички иштер министрлигинде ишти тергөө учурунда болгон. Документ купуя сыр болгон үчүн аны менен таанышууга тергөөчү менен ишти караган судьянын гана мүмкүнчүлүгү бар. Протокол менен бизди да тааныштырышкан, бирок анын көчүрмөсүн ала албайбыз да. Муну чыгарууга бирөөлөр кызыкдар болсо керек, - деди Жоошев.

«Атамбаев менен Атахановду беттештирүүдөгү протокол» деген документти «Фейсбуктагы» «БеспределKG» баракчасы жарыялаган. Анда беттештирүү ушул жылдын 21-августунда болгону жазылган.

Шамил Атаханов тергөөчүнүн суроолоруна жооп берип жатып, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу жана ага катышкан адамдар тууралуу кенен айтып берген. Ага ылайык, Атаханов 2011-жылдын октябрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) төрага болуп дайындалгандан кийин 2-3 айдан соң ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев ага Жаныш Бакиевди экстрадициялоо тапшырмасын бергенин айткан. Кийинчерээк ал президентке Жаныш Бакиевди атайын операция аркылуу кармоо керектигин, ага каражат талап кылынарын билдирген. Маселе ушуну менен ачык бойдон калган.

Андан тышкары «Огонёк» журналынын журналисти Алимжан Мирзоев анын кабыл алуусунда болгонун, ал Азиз Батукаевдин оорусуна байланыштуу Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун үзөңгүлөшү, Мамдуманын депутаты Адам Делимханов жолугушууну суранып жатканын айткан.

Атаханов кийин Адам Делимханов Бишкекке жеке учагы менен келип, Азиз Батукаевди Жаныш Бакиевге айырбаштоо тууралуу сүйлөшүү болгонун айтып берген. Ал Делимханов бул тууралуу дароо жооп бербегенин, арадан бир аз убакыт өткөн соң чалып «Бакиевди экстрадициялайбыз» деп жооп бергенин билдирген.

Шамил Атаханов ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевди бошотуп, анын ордуна Жаныш Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялоону Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров менен макулдашканын кошумчалаган. Бул операцияны ишке ашыруу боюнча Атамбаев оозеки тапшырма бергенин, бирок өзү 2012-жылы УКМКнын төрагасы кызматынын бошотулганын айткан.

Атахановдун маалыматы боюнча, андан кийин УКМКнын башына келген Бусурманкул Табалдиев ага Чеченстан Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү боюнча милдетин аткарбай жатканын айтып байланышкан. Чеченстан тарап муну Жаныш Бакиевди экстрадициялоо боюнча иштер жүрүп жатканы тууралуу Бакиевге Кыргызстандан кимдир бирөө маалымат жеткирип коюшканын, муну уккан Бакиев Бириккен Араб Эмиратына качып кеткени менен түшүндүргөн. Жыйынтыгында Азиз Батукаевди Жаныш Бакиевге айырбаштоо ишке ашпай калган.

Алмазбек Атамбаев Шамил Атаханов менен беттештирүүдө тергөөчүнүн бир да суроосуна жооп бербегени жазылат. Протоколдун аягына Атахановдун, анын жактоочусунун жана Атамбаевдин адвокаттары Сергей Слесарев, Замир Жоошевдин колу коюлган.

Ички иштер министрлиги Батукаев боюнча иш сотко өткөнүн, социалдык тармактарга тараган документтин чын же жасалма экенин тактап берүүнү убада кылды.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, андан ары «Манас» эл аралык аэропортунан Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Учурда бул иш боюнча «Коррупция» беренеси менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов айыпталуучу катары өтүүдө. Алардын иши сотко өткөн. Атамбаев учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө абагында камакта.

Андан тышкары бул иш боюнча мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаевага, экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановго, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиевге, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматовго жана бир катар дарыгерлерге да айып коюлган. (BTo)