Жанарбек Акаев: УКМК 200 миң доллар далил затты көрсөтсүн

Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) паранын далили катары алынган акчаны коомчулукка көрсөтүүнү талап кылды.

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып Акаев Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүүгө чоң шек жаралганын, 200 миң доллардын дайыны тууралуу эл арасында түрдүү сөздөр айтылып жатканын, аларга УКМК өзү чекит койгону туура болорун белгиледи:

- Азыр коомчулукта аябай чоң сенсация болуп, 200 миң доллар УКМКда тергөөчүнүн сейфинен жоголуп кеткени айтылууда. Улан Чалбаевдин атасы «ошол ири суммадагы акчаны казиного уттуруп койгон» деп жатат. Коомчулук ошого ишенип жатат. Эгер андай эмес болсо УКМК эмне үчүн ошол акчаны далил катары сотто көрсөткөн жок? Коомчулукка сериясынын номурун көрсөтүп тынчтандырыш керек эле да. Эгер 200 миң доллар жоголсо чукул арада Аскер прокуратурасы иш козгоп, тиешелүү адамдарды кечиктирбестен жоопко тартышы керек. Чалбаевдин кабинетинен кармалган акчаны далил катары ММК аркылуу элге көрсөтсүн. Акчанын сериясынын номуру дал келсин, адвокаттар ошого ишенсин.

Жанарбек Акаев муну атайын кызматты каралоо максатында айтып жатпаганын, «ар кандай шектенүүгө чекит коюп, өздөрүнүн кадыр-баркын сактап калсын деген ойдо айтканын» кошумчалады.

УКМК 2018-жылы Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаевдин иш бөлмөсүндө ыкчам тинтүү иштерин жүргүзүп, анда табылган баштыктан 200 миң доллар чыкканын жарыялаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту Чалбаевди быйыл 19-ноябрда беш жылга кести.

УКМК болсо далил зат катары алынган 200 миң доллар тергөө маалында жоголгону тууралуу маалыматты четке кагууда.

Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов: «Акча мамлекетке өткөзүлүп берилет. Каражат болсо тергөөчүдө. Далилдер көрсөтүлмөйүнчө соттун чечими чыкпайт. Силер муну билесиңер да», - деп «Азаттыкка» 19-ноябрда билдирген.

Буга чейин Уланбек Чалбаевдин атасы Акматбек Чалбаев анын уулунун иш бөлмөсүнөн далил зат катары табылган 200 миң доллар жоголуп кеткенин айтып чыккан. (RK)