Ташкенттеги Kun.uz маалымат агенттигинин кабарчылары Зафарбек Солижонов менен Баходир Ахмедов шаар мэри Жахонгир Артыкхожаев менен араздашкандан кийин өз эрки менен иштен кетишти. Алар 19-ноябрда социалдык тармактардагы баракчаларына «Бүгүн биз утулган жокпуз. Эми эле ойгонуп келе жаткан сөз эркиндиги, жалпы басма сөз утулду. Жахонгир аке, мен иттин баласы эмесмин, мен акыркы айбан эмесмин» деп жазышты.
Мунун алдында Кun.uz агенттиги кабарчылар менен мэрдин ортосундагы жаңжал жөнгө салынганын жазган. Азыр болсо бул сайт журналисттердин иштен кетиши, алардын билдирүүлөрү тууралуу үн ката элек.
16-ноябрда социалдык тармактарда Ташкент шаарынын мэринин үнүнө окшош адамдын сүйлөгөнү жазылган аудиотасма тараган. Тасмадан ал адамдын журналисттерди кемсинтип-келекелеп жатканын, «тынчытып коёрун, кумса деп каралап, коомчулукка жарыялап саларын» айтып коркутуп жатканын угууга болот.
Башкы прокуратура бул аудиотасмага байланыштуу иликтөө башталганын билдирген.
Өзбекстандын президентине караштуу Маалымат жана массалык коммуникация агенттиги да бул жаңжал тууралуу учкай комментарий берип, шаар мэри менен журналисттердин араздашуусунун коомчулукта кеңири талкууланып жатканын билдирген. Андан тышкары окуяны көзөмөлдөөчү орган иликтей баштаганын, өлкөдөгү коомдук көзөмөл менен демократия күчөгөнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттары акырындап «төртүнчү бийликке» айланып баратканын белгилеген.