19-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча соттук отурум ишин улантат.
Бир жума мурдагы сот жараянында күбөлөр айыпталуучулардын бири, президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаевага каршы көрсөтмө беришкен. Алар 2017-жылы кабыл алынган долбоордо музейдин кызматкерлери ага чейин иштеп чыккан концепциядагы сунуштардын 90 пайызы камтылбай калганын билдиришкен. Карыбаева өзүнө коюлган дооматтарды четке каккан.
Иш боюнча дагы бир айыпталуучу, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков соттук отурумду музейден өткөрүүнү сунуш кылып, сот аны кароону күбөлөрдүн көрсөтмөсү бүткөндөн кийинки убакытка калтырган.
Жалпысынан алты адам соттолууда. Алардын арасында президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бар.
Музейдеги коррупция тууралуу расмий түрдө бир жыл мурда айтылган. Кийинчерээк Башкы прокуратура аны оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет дээрлик 102 миллион сом зыян тартканын билдирген.
Сапар Исаков буга чейин музей боюнча кылмыш иши саясий негизде козголгон деген пикирин билдирген. (ZKo)