Грузияда оппозиция парламент имаратын кулпулап койду

Тбилисидеги митингде полиция «чектен чыккан» демонстранттарга азырынча күч колдонгон жок.

Грузиянын борбору Тбилисиде каршылык акциялары уланып жатат. Оппозициячыл партиялардын тарапташтары жана активисттер 18-ноябрда парламенттин оозун тороп алышты жана бийликтеги партиянын депутаттарын киргизбей турганын айтышты. Алар имараттын дарбазасына кулпу илип коюшту.

Парламенттин басма сөз кызматы нааразылык акцияларынан улам дүйшөмбүдө мыйзам чыгаруу органынын иши үзгүлтүккө учураганын бышыктады.

Ички иштер министрлиги парламент алдындагы нааразылык акциялары «мыйзамдын алкагынан чыгып кеткенин» эскертти.

Тбилисиде нааразылык акциялары 14-ноябрда башталган. Буга парламентте 2020-жылга белгиленген шайлоону пропорционалдык система боюнча өткөрүү жоболору каралган мыйзам долбоору кабыл алынбай калганы себеп болгон. Демонстранттар ошондон тартып парламенттин алдындагы аянтка чатыр тигип, мөөнөтсүз акция башташкан. Полиция бул ирет күч колдонгон жок.

Грузиядагы шайлоо системасын өзгөртүүчү мыйзам долбоору кабыл алынбай калганын Европа Кеңешинин Парламент аралык ассамблеясы менен АКШнын Тблисидеги элчилиги айыптады.

Быйыл жайында да Тбилисиде миңдеген адамдар көчөгө чыгып, шайлоо системасын өзгөртүүнү талап кылышкан. Анда эл менен полиция кагылышып, жалпысынан 240 адам жаракат алган болчу.