Султан: Кыргыз дипломаттарын катуу текшериш керек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Стамбулда кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү жана маркум менен Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун байланышы жөнүндө маалыматтар талкуу жаратты. Бул кырдаал боюнча Кыргызстандын Түштүк Корея жана Малайзиядагы мурунку элчиси Кылычбек Султан “Азаттыкка” кайрылып, айрым маалыматтарга ээ экенин билдирди. Султан буга чейин дипломатиялык мекемелерде мыйзамсыз көрүнүштөр бар экенин айтып президентке кайрылган болчу.