ТИМ: Гонконгдогу кыргызстандык студенттерге жардам көрсөтүлдү

Гонконгдогу каршылык акцияларынын жаңы толкуну.

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдук менен чогуу Гонконгодогу кыргызстандык жарандарга жардам берүүнү улантууда.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, 16-ноябрь күнү Кыргызстандын Гуанчжоудагы башкы консулу Искендер Орусбаев кыргызстандык алты студент менен жолугушту. Маалыматта алар коопсуз жайда, эч кандай арыз-дооматы жок экени айтылат.

Башкы консул мындан тышкары кыргызстандык студенттер жайгашкан мейманканаларды кыдырып, алардын абалы менен таанышып чыкты.

Гонконгдогу кырдаалдан улам кыргызстандык студенттерди жашап турган жеринен аэропортко жеткирүү маселеси каралып жатат.

Бир нече күн мурда Гонкондо билим алып жаткан студенттердин ата-энелери президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Алар аймактагы саясий абалга, соңку кагылышууларга байланыштуу балдарын Кыргызстанга аман-эсен кайтарууга жардам берүүнү суранышкан.

15-ноябрда үч кыргызстандык студент коопсуз жакка чыгарылган.

Жалпысынан Гонконгдогу окуу жайларда билим алып жаткан 42 кыргызстандык студент бар. (ZKo)

Эгерде ал жактагы студенттердин окуусуна, жагдайына байланыштуу зарыл маселе болсо ушул номерлерге кайрылса болот:

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги:

Тел.: +8610-64681348

Моб.: +8618611736340 (WhatsApp, WeChat)

+8613260203680

+8613581902801

Гуанчжоу шаарындагы консулдук:

Моб.:+8613925051627;

+8618666093015.