Төкмө акын Акжолтой Канатбек уулунун өмүрүн алган жол кырсыгы Кочкор-Балыкчы жолунда өткөн түнү болгон. Анда «Норд-Бенц» менен «Субару Импреза» үлгүсүндөгү машинелер кагышкан. Нарын облустук милициясы кабарлагандай, баштапкы маалымат боюнча «Субару Импреза» жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен. Бул машинеде бараткан айдоочу жана үч жүргүнчү ошол жерден мүрт кетип, бир адам оор абалында Кочкор райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Каза болгондордун арасында төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу жана келинчеги бар.
Жол кырсыгы боюнча окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ушул жылдын башынан бери Нарын облусунда 140 жол кырсыгы катталып, 32 киши каза болгон. 254 киши оор жаракат алган. (MiK)