Текебаев: бийлик шайлоо системасын өзгөртүүгө умтулбайт

Иллюстрациялык сүрөт.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкекте шайлоо мыйзамдарын талкуулаган жыйында Кыргызстандагы шайлоо системасына жарандар нааразы экенин айтты. Ал бул талкууда сүйлөп жатып өлкөдөгү саясий түзүлүштү шайлоо системасы дискредитация кылганын билдирип, аны оңдош керек экенин кошумчалады.

Бирок Текебаев жаңы шайлоо системасы кайсы гана бийликке болбосун жакпай турганын белгиледи.

- Бул бүгүн эл колдоп жаткан жакшы идеяны бийлик колдобосо ал өтпөйт. Бирок бүгүнкү бийлик буга кызыкчылыгы жок. Бийлик эмнеге каршы? Анткени жаңы мыйзам кабыл алынып калса партиядагы талапкерлердин баары жапа тырмак иштейт. Ошентип оппозициялык жана жаш партиялардын шайлоодон утуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бүгүнкү бийлик деген ким? Бүгүнкү бийлик - Сооронбай Жээнбеков. Ал киши «мен парламентаризмди колдойм. Парламентаризм - негизинен партиялардын ортосундагы атаандаштык система. Аны да колдойм» деп быйыл апрелде айтыптыр. Алтын сөздөр. Колдош керек. Ошондо Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү далилдеген болот. Анткени бул саясий коррупцияга каршы чоң аракет.

Бишкектте преференциалдык шайлоо ыкмасын киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. Мыйзамдын авторлорунун бири Жанарбек Акаев бул документ шайлоочулар электрондук добуш берүү аркылуу партияга эле эмес, партиянын ичиндеги талапкерлерге да добуш берүүнү камсыз кыларын айтты. Жыйында электрондук добуш берүүчү аппарат да көрсөтүлдү. Анда адамдардын шайлоого катышып жаткан партияны, анын ичинен талапкерди да тандоо мүмкүнчүлүгү иш жүзүндө көрсөтүлдү. Ага ылайык көп добуш алган талапкер партияда канчанчы орунда жазылганына карабай алган добушуна жараша алдыга жыла берет. (BTo)