Бишкекте шайлоо мыйзамы боюнча талкуу өтүүдө

Бишкектеги талкуу.

Бишкекте преференциалдык шайлоо ыкмасын киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев жана Рыскелди Момбеков иштеп чыккан. Талкууда аталган документтин авторлорунун бири, депутат Жанарбек Акаев мыйзамдын маани-маңызы тууралуу кыскача түшүндүрмө берди:

- Электрондук добуш берүү аркылуу преференциалдык шайлоо системасын ишке ашыралы деген оюбуз бар. Түпкү маңызы шайлоочу партияга добуш берүү аркылуу партиянын ичиндеги талапкерлерге да добуш бериш керек. Азыр болсо шайлоочулар партияга гана добуш берет. Ал эми партиянын курамын партия лидери же саясий кеңеш гана аныктап коюп жатат.

Депутаттар иштеп чыккан «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 4-ноябрдан тартып коомдук талкууга коюлду.

Бүгүнкү талкууга Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Феликс Кулов сыяктуу партия лидерлери, саясатчылар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

22-октябрда да Жогорку Кеңешке өтүүнүн босого чегин тогуз пайыздан түшүрүү боюнча талкуу болгон. Анда чекти жети, беш, үч пайызга чейин төмөндөтүү жөнүндө сунуштар айтылган. Айрымдар парламентке өтүүнүн босого чегин такыр эле алып салыш керек экенин айтып чыгышкан. (BTo)