Помпео авторитардык өлкөлөрдүн коркунучун эскертти

Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 8-ноябрда Германияда Берлин дубалынын кыйрашынын 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

Ал анда авторитардык башкаруудагы өлкөлөрдүн кесепети тууралуу эскертип, Батыш мамлекеттерин аларга каршы чогуу туруштук берип, демократиялык баалуулуктарды бирге коргоого чакырды. Помпео коркунучтуу мамлекеттердин катарына Орусия, Кытай жана Иранды кошту.

Ал Берлинде сүйлөп жатып, "Азыр КГБнын мурдагы офицери, Дрездендин мурдагы резиденти башкарып жаткан Орусия коңшуларына кол салып, саясий атаандаштарын өлтүрүп жатат", - деп айтты.

Кытай бийлигин аз улуттарды басмырлап, Гонконгдо өкмөткө каршы нааразылык акцитяларды уюштуруп жаткан активисттерди куугунтуктап жатканы үчүн сынга алды.

Орус бийлиги Помпеонун билдирүүсүнө үн ката элек.

1989-жылдын 9-ноябрынын түнүндө демократияны жактаган бир нече апталык демонстрациялардан кийин “Кансыз согуштун” символуна айланган Берлин дубалы кулатылган. Бул өз кезегинде экиге бөлүнүп калган Германиянын биригүүсүнө алып келген.