«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматынын журналисти депутаттарды жана президент Владимир Зеленскийдин өкмөтүн өз «кызматтык милдеттерин» аткарууга жана сөз эркиндигин камсыздоого чакырды. Бул тууралуу ал мурдагы жогорку даражалуу кызматкер «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматынын «Схеми» долбоорунун иликтөөчү журналисттерине каршы маалыматтык чабуул жасап жаткан учурда айтты.
«Схеми» долбоорунун кабарчысы Михаил Ткач 6-ноябрда парламент комитетинде сөз эркиндигине жана журналисттердин коопсуздугуна арналган жыйында журналисттерге карата тынымсыз чабуулдарга карабастан, журналисттик иликтөөлөрдү уланта бере турганын убада кылды.
Ткач антижурналисттик маанай үчүн мурдагы президент Петро Порошенкону күнөөлөп, ошол эле кезде азыркы президент Владимир Зеленскийдин бийлигин да айыптады.
«Мен бийлик мыйзам үстөмдүгүн калыбына келтирүү боюнча өз милдетин аткаруусун талап кылам. Мен жөн гана өз ишимди жасагым келет. Бирок көпчүлүк учурда аны жасай албай калам», деди журналист.
Парламенттеги угуу мурдагы президент Виктор Януковичтин президенттик администрациясынын башчысынын орун басары, экс-депутат Андрей Портнов «Схеминин» журналисттеринин турмуштук жана жеке маалыматтарын, кайда барып, кантип жашап жатканын ачыкка чыгарып жибере турганын айтып, коркуткан учурга туш келди.
Андрей Портнов «Схеми» командасынын ага карата иликтөө жүргүзүп жатканына карата жооп катары иликтөөчү журналисттерди аңдып, алардын жеке турмушу тууралуу жарыялап жибере турганын эскерткен.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай Андрей Портновдун билдирүүсүн, басым жасап, коркутуусун айыптады. Ошондой эле ал укук коргоо органдарын мурдагы депутаттын аракеттерине мыйзам чегинде чара көрүүгө чакырды.