Европалык - жер ортолук сейсмологиялык борборунун маалыматына караганда, 6-ноябрда саат 11лерде болгон силкинүүнүн күчү 5,5 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Ирандын Бандар-э-Ленге шаарынан 80 чакырым, ал эми Бандар-Аббас шаарынан 120 чакырымдай жерде болгон.
Жер титирөөдөн кийинки кыйроолор же жаракат алгандар тууралуу маалымат жок.
Ирандын табиятында кыйроолорго алып келген жер титирөө көп катталат.
2003-жылы тарыхый Бам шаарындагы күчү 6,6 балга жеткен силкинүүдөн 26 000 киши каза тапкан.