Бишкекте үй, батирлердин дээрлик 31 пайызына номур коюла элек. Мындай маалымат өкмөттө эл каттоого даярдык талкууланган жыйында айтылды.
Калкты жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөргөн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, борбор калаада көчөлөрдүн дээрлик 12 пайызынын аты жок.
«Бир нече жолку эскертүүлөргө карабастан, Бишкек мэриясы борбор калаанын административдик-аймактык чегин алигече тактай элек” деди Боронов.
Кезектеги каттоо 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин өтөт.
Өкмөт бул өнөктүктү уюлдук байланыш технологияларын пайдалануу менен уюштурганы жатат.
Кыргызстанда жети облус, 40 район, 31 шаар жана 453 айыл аймагы бар.
Борбор калаа Бишкектин калкы 860 миң адам.
Бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча аты бериле элек көчөлөрдүн үлүшү 0,9 пайызды, номери жок үйлөр (батирлер) 3,6 пайызды түзүүдө. (RK)