Румынияда жаңы өкмөт шайланды

Людовик Орбан.

Румыния парламенти премьер-министр Людовик Орбан баштаган өкмөттү бекитти. 4-ноябрдагы добуш берүүдө жаңы өкмөт үчүн 240 депутат “макул” деп добуш берди. Бул өкмөттү бекитүү үчүн зарыл болгон добуштан жетиге көп.

56 жаштагы Орбан жана анын оңчул-борборчул өкмөтү бюрократияны азайтууну, инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция тартууну, экономиканы көтөрүүнү жана сот системасынын өз алдынчалыгын камсыздоону убада кылды.

Сот системасына байланышкан талаштар буга чейинки премьер-министр, социал-демократ Виорика Дэнчилэнин өкмөтүнүн кызматтан кетүүсүнө себеп болгон. Анын сот реформасы мыйзам үстөмдүгүнө доо кетирип, элдин нааразылыгын жараткан.

Социал-демократтардын мурдагы лидери Ливиу Драгня да “кызмат абалынан кыянат пайдаланган” деп, түрмөгө соттолгон.

Жаңы өкмөт башчы Людовик Орбан президент Клаус Йоханнис менен кеңешкенден кийин Европа Кеңешинин аткаруучу органы – Еврокомиссияга өлкөнүн атынан тезинен талапкер сунуштай турганын айтты. Буга чейин өкмөттөгү карама-каршылыктан улам Румыния Еврокомиссияга талапкер сунуштай албай келген.

Европа комиссиясынын жаңы курамы ишин 1-ноябрда баштамак.

Румынияда 10-ноябрда президенттик шайлоо да өткөнү турат. Сурамжылоолор шайлоодо азыркы президент Клаус Йоханнис экинчи мөөнөткө шайланышы мүмкүн экенин көрсөтүүдө.