Баткен: Доктурлар иштен кетүү тууралуу арыз жазганын билдиришти

Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде облустук оорукананын дарыгерлери жумуштан кетүү тууралуу арыз жазганын "Азаттык" радиосуна кабарлашты.

Дарыгерлердин айтымында, мындай кадамга барууга бир топ маселе себеп болду.

Алар өз арызында айлык маянанын аздыгы, иштөөгө шарттын жоктугу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу мекемесинин жана башка органдардын негизсиз текшерүүлөрүнүн көптүгү сыяктуу ондон ашык себепти көрсөтүшкөн.

Ооруканада иштеген 52 медицина кызматкеринин 48и жумуштан кетүү боюнча арыз жазганына бүгүн бир апта болгону айтылды.

Жетекчилик азырынча арыздарга кол коё элек.

Мекеменин администрациясы арыз түшкөнүн тастыктап, учурда нааразы кызматкерлер менен сүйлөшүү жүрүп жатканын, маселе чечилип, аларды жумушта алып калуу аракети көрүлүп жатканын билдирди.

"Азаттык" бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлигине да комментарий сурап кайрылды. Мекеменин басма сөз кызматы тактоо иши жүрүп жатканын, маалымат берилерин билдирди. (JsA)