Орусия Тажикстанга 5 млн. долларга аскердик жардам берди

Орусия Тажикстанга кайтарымсыз түрдө 320 миллион рублга же 5 миллион долларга бааланган аскер техникаларын жана курал-жарактарын берди.

Орусиянын Борбордук аскер округунун башчысы Александр Лапиндин айтымында, тажик армиясы радиолокациялык станцияга, чопкутталган заманбап аскердик автоунааларга ээ болду.

Аскердик техникалар тажик-ооган чек арасындагы коопсуздукту камсыздоого багытталган.

Орусиялык басылмалардын жазганына караганда, 2017-жылы Орусиянын Коргоо министрлиги Тажикстанга кайтарымсыз түрдө кургактан жана абадан коргонуучу курал-жарактарды, медициналык жана басмакана жабдууларын берген. 2019-жылдын февралында Тажикстан дагы 9 миллион долларга бааланган абадан коргонуучу каражаттарга ээ болгон.

Тажикстанда 201-аскердик базаны жайгаштыруу келишими боюнча Орусия бул өлкөнүн армиясын 2042-жылга чейин жаңылоого милдеттенме алган. Учурда ал Орусиянын чет өлкөдөгү эң ири аскердик объектиси болуп эсептелет.

Стратегиялык иликтөөлөр боюнча эл аралык институттун (IISS London) үч жыл мурдагы маалыматына караганда, Тажикстан куралдуу күчтөрүнүн катарында жалпысынан 8 миң киши эмгектенет.