30-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызстан.

30-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Таласта түнкүсүн -1…+4, күндүз 16…21;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16;

Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 11…16;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 19…21° градус болот.