Арак заводу боюнча токтотулган кылмыш иши кайра тергелет

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Арак-шарап заводу боюнча токтотулган кылмыш иши кайра териштирилмей болду. Башкы прокуратура атайын кызматтын бул ишкананын мыйзамсыз менчиктештирилиши тууралуу козголгон ишти жабуу жөнүндөгү токтомун жокко чыгарды.

Мекеменин басма сөз катчысы Наргиза Куватова «Азаттыкка» билдиргендей, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгы 2012-жылы козголгон ишти 2014-жылы токтотуп койгон. Эми бул иш Башкы прокуратуранын талабы боюнча кайра сотко чейинки өндүрүшкө алынат:

- Мындан тышкары Башкы прокуратура 21-октябрда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына ишти өз учурунда жана толук изилдеп чыгуу үчүн тиешелүү процесстик аракеттерди көрүү тууралуу жазуу түрүндө тапшырма берди. Учурда кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

21-октябрда жарандык активист Мелис Аспеков президенттик аппаратка арыз жибергенин жана жооп келгенин билдирген.

Аспеков сентябрда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун мүлкүн, фирмаларын, киреше-чыгашаларын текшерүүнү талап кылып Башкы прокуратурага арыз жазган. Ал экс-спикер Бишкектеги арак заводун жасалма түрдө банкрот кылып, арзан баада менчиктештирип алган деп эсептейт.

«Азаттык» комментарий алыш үчүн Чыныбай Турсунбековдун өзүнө кайрылганда ал:

- Айрым сайттардын, айрым журналисттердин маалымат булагы ошол кайра-кайра түрмөгө түшүп жүргөн жигит болуп калса керек деп ойлойм. Банкрот кылган кишилерден сурагыла. Менин кандай тиешем бар? - деп жооп берди.

Өткөн аптада президенттик аппарат Бишкектеги арак заводу «жасалма банкроттукка учуратылып, арзан баада менчиктештирилип кеткенине» байланыштуу жамааттык арыз келип түшкөнүн тастыктаган. Аны териштирүү президенттик аппараттын милдетине кирбегендиктен, арыз прокуратура органдарына жөнөтүлгөнү айтылган. (RK)