АКШ ачык асман келишиминен чыгууга даярданууда

Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ администрациясы 30 жылы мурун кол коюлган ачык асман келишиминен чыгууга даярданууда. Келишимге ылайык, Орусия менен Батыш ортодогу ишенимди бекемдеш үчүн өз аймактарынын үстүнөн көзөмөл иретинде учууга уруксат беришкен. «The Wall Street Journal» гезити Вашингтон келишимден чыгып кетсе, «кансыз согуш» аяктагандан бери киргизилген өз ара контролдоо механизмдеринен баш тартуу багытындагы дагы бир кадам болуп калмакчы деп жазат. Маалыматтарга караганда, президент Дональд Трамп 1992-жылы түзүлгөн келишимден чыгуу ниети тууралуу документке кол койду. Андай көзөмөл иретинде учуу идеясы 1955-жылы пайда болгон, бирок анда макулдашуу түрүндө бекитилген эмес. «Кансыз согуш» аяктагандан кийин америкалык президент Жорж Буштун администрациясы келишимди талкуулай баштаган. Документке 34 өлкө, анын ичинде АКШ, Канада, Орсия, Украина, Европа өлкөлөрү кошулган.

Буга чейин Орусия жана АКШ орто жана чакан аралыкка учуучу ракеталар боюнча келишимди токтотуп коюшкан. Стратегиялык чабуул коюучу курал жөнүндөгү макулдашуунун мөөнөтү 2021-жылы аягына чыгууда. Анын тагдыры да бүдөмүк.