Орусиядан которулган акчага чектөөнү алуу боюнча маселе Евразия өкмөт аралык кеңешинин кийинки жыйынында каралат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн Евразия Экономикалык Биримдигиндеги атайын өкүлү Алмаз Сазбаков билдирди. Анын айтымында, Москвада өткөн кеңештин жыйынында кыргыз тарап бул маселени көтөргөн.
- Акча которууга 100 миң рублдик чектөөнү алуу боюнча маселе кыргыз тараптын демилгеси менен көтөрүлдү. Маселени кароонун жыйынтыгында "ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн борбордук банктары талкуулап, бир пикирге келиши керек" деген чечим кабыл алынды. Кыргызстан үчүн эгер ушундай чектөөлөр болсо ал кайсы бир тарапты дискриминациялагандай болбошу керек. Эми бул тапшырманын негизинде өнөктөш өлкөлөрдүн борбордук банктары кеңешип, кезектеги өкмөт аралык кеңешке маалымат берет.
Евразия өкмөт аралык кеңешинин кийинки жыйыны 2020-жылдын 30-январында Казакстандын Алматы шаарында өтөт.
Быйыл апрелде Орусиядан Казакстанга, Кытайга, Вьетнамга, Кыргызстанга акча которууга айына 100 миң рублдик чектөө киргизилген.
Буга чейин кыргыз өкмөтү Орусиянын акча которууга киргизген чектөөсү ишкерлик менен алектенген мигранттарга терс таасирин тийгизип жатканын айтып чыккан. (BkA)