Террорчулар менен сүйлөшүү жүргүзүү ыкмалары талкууланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте террорчулукка каршы күрөшүү, экстремисттер менен сүйлөшүү жүргүзүү ыкмалары тууралуу талкуу уюштурулуп, ага орусиялык адистер катышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүн 25-октябрда Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн «Барымтага алган учурда террористтер менен сүйлөшүү уюштуруу» темасында үч күндүк конференция өткөрүлдү.

Иш-чарада Орусиянын ИИМ кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу институтунун жана Краснодар университетинин адистери катышты.

«Үч күндүк окуунун жүрүшүндө катышуучулар эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы тажрыйба алмашып, билимин жогорулатышты» деп билдирди УКМК.

Кыргызстан жана Орусия - Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) мүчөлөрү.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, учурда Кыргызстандын түрмөлөрүндө терроризм жана экстремизм үчүн соттологон 245 киши отурат. (RK)