Жапонияда калкка белек берген министр кызматтан кетти

Жапон өкмөт башчысы Синдзо Абэ.

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ экономика, соода жана өндүрүш министри Иссю Сугаваранын шайлоочуларды сатып алууга байланыштуу айыпталып кызматтан кеткени үчүн элден кечирим сурады.

ТАСС агентиги билдиргендей, өкмөт башчы министр кызматтан кеткени жарыяланган жыйындан соң журналисттерге комментарий берип, бул жагдай аны өкүндүрүп турганын белгиледи.

- Сугавараны кызматка дайындоодогу жоопкерчилик менде турат. Жапон элинен кечирим сурайм, - деди Абэ.

Октябрдын башында «Сюкан Бунсюн» басылмасы Сугавара өзү парламенттик шайлоодо көп добуш алган райондун калкына майда-чүйдө белектерди - коон, күйгөндө жыпар жыт чыгарчу таякча жана гүл бергенин жазган.

Өкмөттө сентябрдын ортосунда ири өзгөрүүлөр болуп, жаңы курам бекитилгенде Сугавара министр болуп дайындалган эле.