«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 25-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;
Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз 15…20;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18;
Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15;
Бийик тоолуу райондордо -14…-19, күндүз -3…+2 градус болот.
Бишкекте 25-октябрда жамгыр жаабайт. Борбордо абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3°, күндүзгү жогорку температурасы 18... 20° болот. (ErN)