Дүйнөлүк банк: Пакистан менен Тажикстанда ишкер чөйрө оңолду

«Doing Business».

Дүйнөлүк банк 23-октябрда жарыялаган жылдык баяндамада Пакистан менен Тажикстан бизнес жүргүзүүнүн шарттарын кыйла жакшырткан он өлкөнүн тизмесине кирди. Бул өлкөлөр курулушка уруксат берүү, электр энергия менен камсыз кылуу, салык өңдүү көрсөткүчтөр боюнча алдыга жылганы белгиленди.

Аталган банктын «Doing Business» рейтинги боюнча, Пакистан 190 мамлекеттин ичинен 108-орунду ээлеп, былтыркыга салыштырмалуу 28 тепкичке өйдө көтөрүлдү. Тажикстан болсо 106-орунду алды.

Орусия үч кадам алдыга жылып, 28-орунду ээледи. Ал эми тизменин сап башында Жаңы Зеландия турат.

Кыргызстан бул рейтингде 2017-жылга салыштырмалуу көрсөткүчүн жети тепкичке көтөрүп, 190 өлкөнүн ичинен 70-орунга жайгашты.

Расмий Бишкектин 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүгүү стратегиясына ылайык, өлкө 2023-жылга карата «Doing Business» рейтинги боюнча алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кириши керек.

«Doing Business» рейтинги дүйнөнүн 190 өлкөсүндө ишкерликти көзөмөлдөөгө байланышкан мыйзамдарды баалаганга мүмкүндүк берет.