Төрөбаев: 9% босогону жоюу жөнүндө сүйлөшүп жатам

Бакыт Төрөбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев депутаттар менен 9 пайыздык босогону жоюу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атканын айтты.

Бул тууралуу ал 23-октябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө билдирип, беш пайыздык босогону сунуш кылганын, бирок ал өтпөй калганын белгиледи.

Парламенттик шайлоодо жеңип чыгыш үчүн добуш топтоо босогосу 2010-жылы беш пайыз болсо, 2015-жылы жети пайызга көтөрүлгөн. 2017-жылы чекти тогуз пайызга көтөргөн мыйзам кабыл алынып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кээ бирлери бул процесс саясий теңсиздикке жол ачарын белгилеп жатышат.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев үч пайызга түшүрүш керек экенин билдирген.

Кийинки парламенттик шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өтөт. (SE)