Гонконгдо талаш туудурган мыйзам долбоору артка чакыртылды

Гонконгдогу нааразылык акциясы. 20-октябрь, 2019-жыл.

Кылмышка шектүүнү Кытайга экстрадициялоо тууралуу мыйзам долбоорун Гонконг расмий түрдө чакыртып алды. Бул тууралуу Гонконгдун коопсуздук министри Жон Ли кабарлады.

Аталган мыйзам долбоору июнь айынан бери элдин нааразылыгын жаратып, жарандардын ири акцияларга чыгышына себеп болгон.

Демонстранттар мыйзам долбоору кабыл алынса, Гонконг автономия укугунун бир бөлүгүнөн кол жууйт жана экстрадициялангандар Кытайдын сот системасында өзүн коргой албай калат деп чочулашкан. Ошондой эле алар Кытайдын бийлиги бул документти борбордук бийликти сындагандарды куугунтукташ үчүн колдонушу мүмкүн деп сындашкан.

Мыйзам долбоорунан башталган нааразылык демократиялык реформаларды талап кылган жүрүштөр менен коштолгон. Гонконгдун бийлиги «мыйзам долбоору эми каралбайт» дегенине карабастан, нааразылык токтогон эмес жана митингчилер аны биротоло чакыртып алууну талап кылышкан.

Нааразылыктардагы кагылыштардан миңдеген адам кармалган. Митингчилер азыр алардын бошотулушун талап кылып жатышат.

Азыркы учурда кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүү 1997-жылдагы келишим боюнча жүргүзүлөт.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген.