Футзал: Кыргызстан Азия чемпионатынын тандоо оюндарына катышат

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы.

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы 2020-жылы Ашхабадда өтө турган Азия чемпионатынын тандоо оюндарына катышат. Мелдеш бүгүн, 23-октябрда Ирандын Урмия шаарында башталат.

Азиянын футбол конфедерациясынын сайтындагы маалыматка таянсак, Кыргызстан курама командасы Борбордук-Түштүк зона бөлүгүндөгү командалар арасында B тайпасына туш болуп, Ирандын жана Түркмөнстандын курама командалары менен күч сынашат.

Курама команданын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов тандап алуу оюндарына катышуу үчүн командага 14 оюнчуну чакырган. Жаракатына байланыштуу команданын буга чейинки алдыңкы оюнчулары болуп саналып келген Адилет Култаев, Саламат Мамбеталиев жана Дамир Исаков мелдешке катышпайт.

Кыргызстандын курама командасы 24-октябрда алгач Түркмөнстандын, 25-октябрда Ирандын курама командасы менен ойнойт. Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

Бүгүн Борбордук-Түштүк зона бөлүгүнүн А тайпасындагы командалар арасында оюндар башталат. Мында Өзбекстан менен Ооганстан, Тажикстан менен Непал беттешет.

Азия чемпионатынын тандоо оюндарында Азия чөлкөнүн 31 командасы аймагына жараша Борбордук-Түштүк, Чыгыш, Батыш жана Түштүк-Чыгыш болуп төрт зонага туш келген. Командалар ар бир зонада экиден тайпага бөлүнгөн. Тандоо оюндарынын жыйынтыгында өз тайпасында биринчи жана экинчи орундарды ээлеген 16 команда Азия чемпионатына жолдомо алат.

Азия чемпионаты 2020-жылы февраль, март айларында Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өтөт. (GT)