Орусия: полиция сабаган тажик мигранты Тергөө комитетине кайрылды

Абдурахим Назаров.

Орусияда иштеп жүргөн Тажикстандын жараны Абдурахим Назаров Тергөө комитети баштаган органдарга Москва облусунун полициясы боюнча даттанды.

Ал 18-октябрда "Настоящее время" телеканалына айтып бергендей, аны полиция кызматкери көчөдөн кармап эмгек келишимин сураган. Бирок документти көрсөтүүдөн баш тартканы үчүн ички иштер бөлүмүнө алып барып токмоктошкон. Мигрант ага кол көтөргөн полиция кызматкерлерине окуянын баарын видео жана аудиого жазып аларын эскерткенин айтат.

Ал жаздырып алган аудиотасмада тартип коргоочулар жаман сөздөр менен сөгүп жатканын угууга болот. Назаровдун айтымында, полициячылар бардык видеолорду өчүрүп, бирок аудиожазууну байкабай калышкан.

Москва полициясы бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

Тажикстандык жигит 10 жылдан бери Орусияда иштеп жүргөнүн бирок мындай окуяга биринчи жолу туш болгонун айтат. Ал эми ага укуктук жактан жардам берип жаткан укук коргоочулар айрым полиция кызматкерлеринин чет өлкөлүк мигранттарга жасаган ырайымсыз мамилеси жаңылык деле эмес деп белгилешет.